Соода эквайринги багытындагы кызматташуу
Соода эквайринги багытындагы кызматташуу
Мындан башка да Банк: дүкөндөргө, кафе-ресторандарга, оюн-зоок жайларына, аптекаларга, сулуулук салондоруна жана башка соода-сервистик ишканаларга товарлар жана тейлөөлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө VISA жана Элкарт төлөм карталарын тейлөө боюнча макулдашууларды түзүүнү сунуштайт.
- Соода эквайринги багытында биздин өнөктөш болуу менен Сиз бир катар артыкчылыктарга ээ болосуз:
- Товарлар жана тейлөөлөр үчүн накталай эмес төлөмдөргө сатуудан кармалуучу салык чени киргизилбейт (сатуудан кармалуучу салык – 2 %);
- Пластикалык карталарды кармаган кардарларды тартуунун эсебинен товар жүгүртүүнү (18-23%) көбөйтүү. Накталай акча менен чектелүү болбогондуктан, карта менен төлөө учурунда адамдар көбүрөөк чыгымдашат, кымбат товарларды тандашат жана баш-аламан сатып алууларды жүргүзүүгө да жакын болушат;
- Тейлөөгө кетүүчү убакыттын жана инкассация чыгымдарынын кыскарышы;
- Финансылык жоготуулардын жана персоналдар кетирүүчү катачылыктардын тобокелдигинин азайышы
- Коопсуздук – жасалма купюрларды алуу же соода жайларында акча каражатын жоготуп/уурдатып жиберүү кокустуктары кыскарат.
- Төлөм формаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиктин жана «Бай Түшүм» банкы менен кызматташуунун аркасында Сиздин уюмга болгон кардарлардын лоялдуулугу жана алардын ишениминин жогорулашы
- РКО жеңилдетилген тарифтери
- ААК «Бай Түшүм» Банкы менен кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү менен, Сиз төмөнкүлөргө ээ болосуз:
- Сиздин уюмдун персоналдарын POS-терминалдар менен иштөө боюнча акысыз окутуу;
- Verifone Vx 675 моделиндеги заманбап жана мобилдүү POS-терминалдары;
- Магниттүү тилкелүү жана чип менен жабдылган VISA жана Элкарт карталарын алуунун мүмкүнчүлүгү;
- Ийкемдүү тарифтер жана соода-сервистик жайлар үчүн арзандатуулардын тармагы
- Банктын өнөктөшү болуу үчүн бар болгону 4 гана кадам:
- 1-кадам: Соода эквайринги боюнча макулдашууну түзүү
- 2-кадам: ААК «Бай Түшүм» банкында эсеп ачуу
- 3-кадам: Кассада POS-терминалын орнотуу
- 4-кадам: Терминалда иштөө боюнча кыска мөөнөттүү окутуу
Бирге берилүүчү маалымат:
Сиздердин көңүлүңүздөрдү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23- декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар» жөнүндөгү Токтомундагы өзгөртүүлөргө ылайык, иш жүргүзүүнүн айрым түрлөрүнүн тизмеси бекитилгендигине бурабыз. Ушул документке ылайык соода-сервисттик ишканалар өздөрү ишин жүргүзүп жаткан жайларда банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуучу жабдууларды орнотуулары жана колдонуулары зарыл.