Интернет-банкинг
Интернет-банкинг кардарларга үйүнөн, же офисинен чыкпастан жана ошондой эле дүйнөнүн кайсы гана бурчунда эс алууда жүрсө да суткасына 24 саат жана жуманын бардык 7 күнү боюу Банкта ачылган эсеп-счетторун алыста туруп башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Интернет-банкинг мүмкүнчүлүк берет:
- Эсеп-счетторундагы калдыктарды кароого
- Керектүү болгон учурдагы каттоолорду бир калыпка келтирүүгө
- Бир эсептен экинчи бир эсепке акча каражаттарын которуулар боюнча төлөм тапшырыктарын бир калыпка келтирүүгө (банк ичиндеги которуулар, банк аралык которуулар, SWIFT тармагы боюнча которуулар)
- Конверциялык операцияларды жүргүзүү (алмаштыруулар)
Интернет-банкингке кирүү мүмкүнчүлүгү эсеп-счетун же депозит ачкан Банктын кардарларына кызматка кошулууга макулдашууга кол коюлгандан кийин акысыз берилет. Бул үчүн Банктын жакын арада жайгашкан бөлүмүнө кайрылып, арыз жазып жана келишимге кол коюу керек.
Интернет-банкинг | |
Системага туташтыруу | акысыз |
Паролу менен ПИН конвертти берүү | акысыз |
Паролу менен ПИН конвертти кайрадан чыгаруу | 100 сом |
Интернет-банкинг аркылуу эсеп тейлөөсү | акысыз |
Банк тарабынан Интернет-Банкинг аркылуу кардарлар жүргүзүүчү төлөмдөр боюнча төмөндөгүдөй лимиттер орнотулат:
- жеке жактар үчүн төлөмдөр боюнча күндүзгү лимиттин суммасы 200 000 сомду (чет элдик валютанын эквиваленти) түзөт.
- юридикалык жактар үчүн төлөмдөр боюнча күндүзгү лимиттин суммасы 500 000 сомду (чет элдик валютанын эквиваленти) түзөт
- Жекече лимиттерди орнотуу үчүн Банктын жакын арада жайгашкан офисине кайрылып, арыз толтуруу керек.
Интернет-банкингке кошулуу Интернет аркылуу жүргүзүлөт жана ал атайын программаны киргизүүнү талап кылбайт. Интернет-банкинг менен иштөө үчүн Flash Player 9 (жана жогору) орнотулган акыркы чыгарылыштагы версиялар (Internet Explorer, Mozilla, Chrome, Opera, Safari) стандарттык Интернет браузерлери колдонулат.
https://online.baitushum.kg/RiaOD3/ ушул дарек боюнча Интернет-банкинг баракчасына кирүүгө болот.