Комплаенс

“Бай-Түшүм” Банкы ААК Сизге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, атап айтканда 2018-жылдын 6-августундагы № 87 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын ченемдерине, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында ички контролду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын документтерине ылайык, “Бай-Түшүм” Банкы ААКда комплаенс-контролдун натыйжалуу системасы түзүлгөнүн жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контроль боюнча ички ченемдик документтер иштелип чыкканын маалымдайт. Мыйзам талаптарынан тышкары, Банк эл аралык санкциялардын талаптарын аткарууну камсыздайт:

  • БУУ Коопсуздук кеңеши;
  • OFAC (АКШ);
  • Европа тышкы саясый ишмердик кызматы (EU);
  • Улуу Британиянын казыналыгы (HMT) ж.б.

Эл аралык санкциялардын талаптарын аткаруу максатында Банктын кардарларынын бардык операцияларына мониторинг жүргүзүү үчүн Банк тарабынан LexisNexis Risk Solutions компаниясы менен келишим түзүлгөн. Бул кызматташтык Комплаенс жаатында дүйнөлүк стандарттардын милдеттүү түрдө сакталышын камсыздайт.

“Бай-Түшүм” Банкы ААК АКШнын “Чет өлкөлүк эсептерге салык салуу жөнүндө” Мыйзамынын – FATCA талаптарын аткарат, анын максаты АКШнын чегинен тышкары финансы институттары аркылуу киреше алган, АКШнын жарандарынын жана резиденттеринин салык төлөөдөн качуусуна жол бербөө болуп саналат.

2018-жылдын 6-августундагы № 87 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын буйруктарына ылайык, Банкта төмөнкүдөй чаралар колдонулат:

  • Түзүмдүк бөлүм – Комплаенс-контроль кызматы түзүлгөн
  • Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Ички контроль саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу адам дайындалган
  • Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Ички контроль саясаты, “Өз кардарыңды бил” саясаты (KYC) жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контроль эрежелери иштелип чыккан

Бул ички ченемдик документтерди ишке ашыруу максатында “Бай-Түшүм” Банкы ААК:

  • Анонимдүү банктык эсептерди (аманаттарды) ачпайт жана тейлебейт;
  • Ички Жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык банк-корреспондентти, кардарларды идентификациялоосуз жана бенефициардык ээсин аныктоосуз ар кандай операцияларды жүргүзбөйт;
  • Оффшордук зоналарда катталган банктар жана обочо-банктар менен корреспонденттик мамилелерди түзбөйт.

“Бай-Түшүм” Банкы ААК финансы рыногунун катышуучусу катары өз ишин жүргүзүүдө ачыктык, айкындуулук, адилеттүүлүк принцибине таянат жана кызыкчылыктар кагылыш башкаруу, коррупцияга жана паракорчулукка каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат.