«Бай Түшүм» Банкы ардагерлер арасында шахмат боюнча турнирди колдоого алды.

01.10.2024

Урматтуу ардагерлер! Сиздерди Эл аралык карылар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бул майрамдын урматына өз кесиби үчүн өмүрүн арнап, келечек муундун жыргалчылыгы үчүн Мекенге ак ниет кызматын арнагандарды сыйлайбыз.

2024-жылдын 30-сентябрында «Бай Түшүм» Банкы ардагерлер арасында шахмат боюнча турнирди колдоого алды. Шахмат жөн эле оюн эмес, муундарды бириктирүүчү, стратегиялык ой жүгүртүүнү өстүрүүчү, достукту чыңдоочу искусство деп эсептейбиз.

«Бай Түшүм» Банкынын жамааты биздин бүгүнкү жана келечегибизге кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Сиздер биздин сыймыгыбыз жана төрүбүздүн көркүсүздөр!