“Факторинг” деген эмне экенин билесизби?

26.05.2023

Бул кардарларыңызга жана бизнесиңизге ыңгайлуу шарттарды түзгөн финансылык кызмат.

Бул кызмат аркылуу сиз сатылган товардын акчасын кардар кийин төлөсө да дароо ала аласыз. Сатып алуучу товарга ээ болгон учурда товар наркынын 70% сиздин эсебиңизге түшөт.

Факторингдин артыкчылыктары:

🔸 сиз кардарга товарды сатып алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайсыз
🔸 сизде кассалык ажырым болбойт, кирешени өз убагында аласыз
🔸 сатуунун көлөмү өсөт
🔸 сиз келишимге кол койгондон соң, дароо каржылоого ээ болосуз
🔸 документтердин минималдуу тизмеси керек
🔸 күрөө жок

Сиз сайтыбыздан толук маалыматты таба аласыз. Ошондой эле бул кызматтын сизге туура келээрин түшүнүүгө жардам берүүчү тесттен өтсөңүз болот.

#btb #bankbaitushum