«Бай-Түшүм» банкы SME Banking версиясы боюнча Борбордук Азиядагы 2023-жылдын ТОП-3 эң мыкты интернет-банкинг (Business Online Banking) ээлеринин катарына кирди.
29.05.2023
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча «Бай-Түшүм» банкы 120 критерий аркылуу 50 банктын ичинен 2-орунга ээ болду.
SME Banking Club -бул маалымат, аналитика жана тажрыйба алмашуу үчүн бизнес-банкирлерди бириктирген эл аралык платформа.
Платформа микро, чакан жана орто ишканалар үчүн жергиликтүү, аймактык жана глобалдык кардарларды тейлөө рыноктору кандай өнүгүп жатканын изилдейт.
Кесиптештерибизди мыкты аткарган иши менен куттуктайбыз!
🙌Биз кардарларыбыздын ыңгайлуулугуна умтулабыз жана онлайн-банкингди өркүндөтүү үчүн үзгүлтүксүз иштейбиз.