Банктын иштөө убактысы
21.02.2022
Урматтуу достор! Сиздерди келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана төмөнкүлөрдү билдиребиз:
2022-жылдын 23-февралы – Ата Мекенди коргоочулар күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык бардык банктык кеңселер үчүн дем алыш күнү деп жарыяланат.
2022-жылдын 22-февралында жумуш күнүнүн узактыгы 1 саатка кыскарат.
2022-жылдын 26-февралы Банктын бардык кеңселери үчүн иш күнү жарыяланат.
Банкка барарыңызды алдын ала пландаштырыңыз.
Суроолоруңуз болсо, дем алыш жана майрам күндөрү да күнү-түнү иштеген биздин байланыш борборубузга каалаган убакта кайрылсаңыз болот!
Баарыңыздарды келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайбыз, сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө тынчтык, жакшылык жана бакубатчылык каалайбыз!