Улуттук конкурс-эссенин жыйынтыгы
20.12.2017
Биз Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте өткөргөн конкурс-эссе жыйынтыкталды. Байге катары Samsung Galaxy Tab E планшеттерин утуп алышкан 10 жеңүүчүнүн аттары аталды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 22-декабрда Тыныстанов көчөсү, 257 (экинчи кабат) дареги боюнча КРнын Билим берүү жана Илим министрлигинин конференц-залында болуп өтөт. Башталышы саат 11:00.
Конкурска бүткүл Кыргызстан боюнча студенттерден баардыгы болуп 85 иш келип түшкөн. Алардын мыктылары болуп төмөндөгүлөр аталышты:
- Ташкулова Айжана (Бишкек, КРСУ, 4- курс)
- Канатова Мария (Бишкек, КРСУ, магистратура 1- курс)
- Кадырова Айдана (Бишкек, КУУ, 4- курс)
- Лесик Ирина (Бишкек, КНАУ, 3- курс)
- Абдимитал уулу Руслан (Ош, ОшТУ, 3- курс)
- Шишенина Ольга (КРСУ, 3- курс)
- Овчаренко Лилия (Каракол, ЫМУ, 4- курс)
- Джаанбай кызы Нургул (Баткен, БМЭК, 3- курс)
- Тыныбек кызы Багдад (Талас, ТМУ, 3- курс)
- Аалыканова Нурай (Нарын, НМУ, 4- курс)
Жеңүүчүлөрдү эң мыкты жыйынтыкка жетишкендиктери менен куттуктайбыз жана окууларында да мыкты ийгиликтерди каалайбыз!