«Инновациялык идеялар» конкурсу!
29.03.2022
Сиз 17 жаштан 22* жашка чейинки куракта жана сонун финансылык мобилдик тиркемени же программаны кантип түзүүнү билесизби?⠀
Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын (GMW – 2022) алкагында «Бай-Түшүм» банкы сынак жарыялайт.⠀
Укмуштуудай финансылык мобилдик тиркеме же кирешелерди жана чыгашаларды пландаштыруу элементтери, финансылык калькуляторлор, акылдуу каржы кызматтары менен программа жаратууга өзүңдүн идеяңды жөнөт жана сыйлыкка ээ бол!⠀
3 мыкты идеянын авторлору өз идеясын презентация форматында коргоого мүмкүнчүлүк алышат.⠀⠀
?Эң мыкты идеялардын жеңүүчүлөрү төмөнкү сыйлыктарды алышат:
1-орун – 50.000 сом байге фонду менен Visa Gold картасын ачуу
2-орун – 25.000 сом байге фонду менен Visa Gold картасын ачуу
3-орун – 15.000 сом байге фонду менен Visa Gold картасын ачуу
⠀
?gmw.baitushum.kg сайтына катталып, идеяңызды ыкчам жөнөтүңүз.⠀
⠀
❗️Конкурс тууралуу кененирээк маалыматты:⠀
https://gmw.baitushum.kg/?page_id=1121⠀
же 0312 905 808 номурунан алсаңыз болот⠀
⠀
* сынакка 16 жаштан жогорку колледж студенттери да катыша алышат