Биздин командага – насыя адистиги боюнча кесиптешибизди издейбиз.
24.07.2023
Эгер сиз алмаштырылгыс тажрыйбага ээ болгуңуз келсе жана критерийлерге жооп берсеңиз, биз сиздин резюмеңизди кубануу менен кабыл алабыз.
Ошентип, биз жумуш издөөчүдөн эмнени күтөбүз:
Жогорку/орто экономикалык билим
Чекене насыялоо боюнча 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
Мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана нускамаларын билүү
Долбоорлордун финансылык анализинин принциптерин жана методологиясын билүү
Эмне үчүн биздин командада иштөө пайдалуу?
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу
Сиздин кесиптик деңгээлиңизге татыктуу айлык акы
Лоялдык премия системасы
Банктын эсебинен окуу мүмкүнчүлүгү
Корпоративдик спорттук иш-чаралар
Резюмени, кызмат ордун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен hr@baitushum.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.