Global Money Week 2018 алкагындагы иш-чараларды өткөрүү боюнча Жаштар демилгелүү тобунун биринчи жолугушуусу
26.02.2018
Бул жумада Өнүгүүнүн саясаты Институту менен биргеликте биз Global Money Week 2018
Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүү боюнча Жаштар демилгелүү тобунун биринчи жолугушуусун өткөрдүк. Global Money Week – финансылык сабаттуулукка, бюджетти мерчемдөөгө жана акчага байланышкан башка да маселелерге окута турган, бүткүл дүйнө жүзү боюнча 130 мамлекетти өз ичине камтыган масштабдуу окуя. Бул жылы Жумалык 7- жолу өткөрүлөт.
Демилгелүү топко Кыргызстандан КРСУнун жана БФЭАнын 2-, 3-, 4-курсунун студенттери киришти. Биринчи жолугушуунун алкагында мектептердин 5-11- класстары үчүн тренингдерди өткөрүүнүн пландары иштелип чыкты.
Балдар-волонтерлор эмитен эле Балдар сүрөттөрүнүн Улуттук конкурсунун маалыматтык кампаниясына активдүү тартылып кетишти жана тренерлер менен биргеликте мектептердеги финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды өтүүгө даярданышууда.