БААУнин Инновациялык колледжи менен кызматташуу

18.06.2024

     

Биз маанилүү жаңылык менен бөлүшүүгө кубанычтабыз!

2024-жылдын 11-июнунда «Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Инновациялык Колледжи» менен «Бай Түшүм» Банкы ар түрдүү тармактарда адистерди даярдоого багытталган биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында кызматташуу келишимин түзүштү. Колледж менен өнөктөштүн ортосундагы кызматташтыктын максаты натыйжалуу формаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Бул келишим алдыңкы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуу менен түрдүү тармактарда адистерди даярдоого багытталган билим берүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жол ачат. Колледж менен «Бай Түшүм» банкынын ортосундагы кызматташуу олуттуу натыйжаларды берип, билим берүүнүн өнүгүшүнө салым кошот деп ишенебиз.

Ошондой эле, биз БААУнун Инновациялык колледжинин студенттеринин эң мыкты стартап долбоорлорунун Гранд финалына күбө болдук. Жеңүүчүлөрдү таланты жана ишкердик маанайы үчүн куттуктайбыз!