Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте биз экономикалык адистикке окуп жатышкан студенттер үчүн конкурс-эссе жарыялайбыз
09.11.2017
Эгерде сиз 3-5- курстарда окуп жаткан болсоңуз жана экономика, азык-түлүк коопсуздугу жана финансылык сабаттуулук багытындагы актуалдуу маселелер боюнча өз көз карашыңыз болсо, анда бул конкурс Сиз үчүн!
Эң мыкты жазылган 10 эссенин авторлору Samsung Galaxy Tab E планшеттерине ээ болушат.
Эссени 23- ноябрга чейин baitushum@baitushum.kg почтасы аркылуу жөнөтүү керек.
Сиздер эссе үчүн төмөндөгү темалардын бирин тандап алсаңыздар болот:
- Азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу – Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнүн негизи катары.
- Сактоолук – финансылык жеке коопсуздуктун фактору катары.
- Финансылык сабатсыздык – өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө тескери таасир берүүчү фактору катары.
- Жаштарды жана балдарды финансылык жактан тарбиялоо.
- Азык-түлүк коопсуздугуна жана айыл чарбасына инвестициялар.
- Айыл чарбасындагы өндүрүштүн көлөмүн кеңейтүү максатында билгичтик менен карыз алуу.
- Фермерлердин жана товар өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү шарты катары.
Сиздердин ишиңиздерди күтөбүз!