BTB24 мобилдик банкингдеги техникалык иштер
21.04.2025
Урматтуу кардарлар!
2025-жылдын 30-апрелинен тартып (саат 18:00ден) 7-майга чейин Бай Тушум Банктын “BTB24” мобилдик банкингинде техникалык иштер жүргүзүлөт.
Бул мезгилде мобилдик банкинг гана көрүү режиминде иштейт. Карталар аркылуу транзакциялар тынымсыз жүрө берет. Биз техникалык иштерди сиздер үчүн эң тез жана байкалбай өткөрүүгө аракет кылып жатабыз.
Маанилүү маалымат:
✅ Сиздин маалыматыңыз коопсуздукта
✅ Техникалык иштерден мурун жана кийин жасалган бардык амалдар сакталат
✅ Иштер аяктагандан кийин колдонмо дагы ыңгайлуураак болот
Түшүнүүңүзгө рахмат!
Урматтоо менен,
Бай Тушум Банктын командасы