Урматтуу кардарлар, банктык тиркемелердин фишинг (фейк) шилтемелери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын эскертебиз.

15.08.2022

Алдын алуу чаралары:

▶ күмөндүү шилтемелерге кирбеңиз

▶ BTB24 мобилдик банкинг логиниңизди жана сыр сөзүңүздү тиркеменин өзүнө гана жазыңыз. Эгерде кандайдыр бир шилтемени ачып жатканда, BTB24 баракчасына окшош жасалма биринчи баракча ачылса, анда эч кандай өздүк маалыматтарды жазбаңыз!

▶ СМС аркылуу келген сыр сөздөрдү жана жашыруун коддорду, картанын артындагы CVV-кодун же сыр сөзүн эч кимге айтпаңыз. Банк картасынын сүрөтүн эч кимге жөнөтпөңүз!

 

‼️ Эскерте кетсек:

▶ BTB24 мобилдик банкинги же «Бай Түшүм» банкы акча которуулар үчүн шилтемелерди пайда кылбайт

▶ BTB24 мобилдик банкингдеги бардык транзакциялар банктын расмий тиркемесинде гана ишке ашырылат

▶ SMS (карта же накталай акча аркылуу сатып алуу жөнүндө билдирүү) дайыма бир гана номерден келет

▶ банк эч качан картанын маалыматтарын, сыр сөздөрдү, пин-коддорду, картадан CVV же башка маалыматтарды сурабайт

 

Абайлаңыз жана алданбаңыз!

 

#btb #bankbaitushum