Өткөн жекшемби күнү биринчи балдар хосписи достору – Банктын кызматкерлери менен Нооруз майрамын тосту
19.03.2018
![](https://www.baitushum.kg/wp-content/uploads/FB_IMG_1520940745344-300x225.jpg)
Өткөн жекшемби күнү биринчи балдар хосписи Нооруз майрамын тосту. Майрам «Бай Түшүм» банкынын колдоосу менен биздин кызматкерлерден жана алардын балдарынан турган 9 волонтердун жана «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын Төрагасы Максатбек Бейшенбекович Ишенбаевдин активдүү катышуусунда өттү. Хоспистин өзүндөгү балдар жана Беловодскидеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары иш-чаранын меймандары болушту.
Ноорузду ырдап, бийлеп, клоундордун оюндары жана салт болуп калган плов, таттуулуктар менен абдан көңүлдүү тосушту. Иш-чараны уз-усталардын иштеринин жарманкеси да жакшы толуктады.
Балдар хосписиндеги майрамды көңүлдүү жана шаңдуу өткөрүүгө жардамдашкан адамдардын баардыгына чоң Рахмат!