CONTACT
CONTACT – рынокто 1999-жылдан бери иштеп келе жаткан россиялык биринчи акча которуулар тармагы. CONTACT тармагынын оператору болуп ООО НКО «Рапида» эсептелет.
CONTACT тармагынын жардамы менен «Бай-Түшүм» Банкынын офистеринен акча которууларды тез жана арзан, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, эсеп ачпастан эле жөнөтүүгө болот:
- Бүткүл дүйнө жүзү боюнча – Кыргызстан, Россия, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттер – бардыгы 170тен көбүрөөк өлкө;
- РФ рублдери, АКШ доллары жана евро менен;
- Россиянын, Европа өлкөлөрүнүн, АКШ, Канада, Вьетнам, Түркия, БАЭ, Индия, Таиланд, Жаңы Зеландия, Сингапур, Австралия, Гонконг жана Малайзия өлкөлөрүнүн бардык банктарынан алуучунун эсебине Visa*, MasterCard*, UnionPay* карталарына жеке жактар менен бирге эле юридикалык жактардын эсебине чегерүүлөр аркылуу акчаны накталай берүү (сервис CONTACT-эсеби);
- Жеткирүү ылдамдыгы: реалдуу убакыт режиминде. Которулган акчаны берүү убактысы жөнөтүлгөн жана кабыл алуучу пункттардын убакыт айырмачылыктарына жана кабыл алуучу банктын иштөө тартибине жараша берилет;
- Жөнөтүүчүнүн мобилдик телефон номерине которулган акчанын учурдагы абалы жөнүндө sms-маалымат берүү;
- Дарексиз төлөм- акча которууларды Кыргызстандагы, Россиядагы жана жакынкы чет мамлекеттердеги CONTACTтын бардык пунктарынан алууга болот.
* Банк-эмитенттерге чектөөлөр коюлган.
CONTACT тарифтери:
Которуунун суммасына жана анын багытына жараша Кыргызстандан акча которуулардын суммасынан 0,1% комиссиясы менен жөнөтүүгө болот. Тарифтик сетка жөнүндөгү толук маалыматты CONTACT тармагынын сайтынан алууга болот: https://contact-sys.com/transfer/tariffs.html.
Бир жолку которуунун максималдуу суммасы:
- Жакынкы чет өлкөлөр ортосунда: 600 000 RUB / 20 000 USD / 20 000 EUR
- Алыскы чет өлкөлөргө которуулар кабыл алуучу өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат.
- Бир опрерациялык күндө 15 000 USD көп эмес сумманы жөнөтүүгө болот. Өздүгүн тастыктаган документти көрсөтүү талап кылынат.
CONTACT тармагынын негизги артыкчылыктары:
Пайдалуу – тейлөө акысын жөнөтүүчү гана төлөйт- алуучуга которулган акча акысыз берилет.
Ыңгайлуу – которууну жөнөтүү үчүн Сиз алуучу банктын реквизиттерин билүүгө тийишсиз. Акча каражаты жөнөтүлүп жаткан өлкөнү, шаарды жана алуучунун аты-жөнүн атоо жетиштүү болот. Кыргызстан, Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча акча которуулар дарексиз формат түрүндө жүргүзүлөт- алуучуга акча каражаты көрсөтүлгөн өлкөдө CONTACT тармагынын бардык пунктарынан берилет.
Тез – которууларды каттоо иштери жөнөкөй жана арыз бланкасын толтуруу талап кылынбайт, которууну жүргүзүү үчүн бир нече мүнөт эле жетиштүү.
Ишенимдүү – которуулардын коопсуздугу атайын программалык комплекс менен маалыматы коргоонун алдыңкы технологиясы аркылуу камсыздалат.
Которууларды жөнөтүү үчүн Сизге төмөнкүлөр зарыл:
- «Бай-Түшүм» Банкынын CONTACT тармагы боюнча которууларды жүргүзүүчү өзүңүзгө ыңгайлуу болгон офисине кайрылыңыз:
- Банктын кызматкерине алуучунун паспортунда көрсөтүлгөн аты-жөнүн айтыңыз;
- Өздүгүңүздү тастыктоочу документиңизди көрсөтүңүз;
- Акча которуунун арыз-бланкасына кол коюуңуз;
- Которуунун суммасын берип жана комиссияны төлөңүз;
- Алуучуга CONTACT тармагынын которууну берүү пунктунун дарегин жана которуунун суммасын жана анын номерин билдириңиз. Которулган акча алуучуга толук өлчөмдө берилет, алуучудан кошумча комиссия кармалбайт.
- Которулган акчаны алуу үчүн сизге төмөнкүлөр зарыл:
- Жөнөтүүчүдөн которуунун номерин жана суммасын билип алыңыз;
- CONTACT тармагынын пунктуна анын иштөө убагында барыңыз;
- Өздүгүңүздү тастыктоочу документиңизди көрсөтүңүз;
- Которууну алуунун арыз бланкасына кол коюуңуз;
- Которуунун суммасын алыңыз.
Которуунун суммасын алууда комиссия алынбайт.
CONTACT тармагы боюнча кеңири маалыматты — www.contact-sys.com сайтынан же Кыргызстандын жашоочулары үчүн сутка боюу иштөөчү колдоо кызматынан (Кыргызтелекомдун стационардыктелефону) 00-800-2020-42-42 телефону аркылуу алууга болот.