ЫЛДАМ
Бай-Түшүм» Банкынын Кыргызстан боюнча акча которуулар системасы ЫЛДАМ
«Бай-Түшүм жана» Банкы эсеп ачпастан «ЫЛДАМ» акча которуулардын жаңы системасы менен колдонууну сунуш кылат. Бул система бүтүндөй Кыргызстан боюнча эсеп ачпастан которууларды дароо (ылдам-тез) жүргүзөт.
«Ылдам» акча которуулар системасынын артыкчылыктары:
- Тарифтери төмөн. Которуулар үчүн комиссия акысы:- сом менен – которуунун суммасынан 0,15%, минимум 35 сом- чет элдик валютада – 0,25%, минимум 1 АКШ доллары
- Которууларды сом, АКШ доллары, рубль жана евро менен жүргүзүүгө болот
- Которууларды суммасы боюнча чектөөсүз жүргүзүү
- Которууну жеткирүүнүн ылдамдыгы – 2 минута
- Филиалдык тордун кеңирилиги
- Оперативдүүлүк жана коопсуздук
ЫЛДАМ которуусун жөнөтүү үчүн төмөнкүлөр керек:
- Жеке жактын атына которуу учурунда: Алуучунун Фамилиясын, Атын, Атасынын атын, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү керек;
- Банктын кызматкерине жеке өзүн күбөлөндүргөн документин (паспортун) көрсөтүү керек.
- Которула турган сумманы салуу жана Банктын тарифтерине ылайык комиссиялык акыны төлөө керек.
Которууну алуу үчүн:
- Кардар Банктын кызматкерине паспортун жана которуунун кодун көрсөтүүсү керек,
- Банктын кызматкери чыгыш кассалык документтерди толтуруп жазат,
- Кардар накталай акчаларды алат.
Банктын Сизге жакын жайгашкан кеңсесин Сиз ушул жерден таба аласыз.