Смартфон же планшетиңизди терминалга айлантыңыз. mPOS тууралуу кызыктуу маалымат
21.05.2019
Мобилдик терминал (mPOS) — смартфон, планшет жана кардардын чиптик же магниттик банк карталарынан маалымат алуучу кичинекей ридер. Бул менен бир заматта банк карталарынан төлөмдөрдү кабыл алса болот.
Мобилдик терминалдын артыкчылыктары:
- Мобилдик терминалдын эң негизги артыкчылыгы анын мобилдүүлүгүндө. mPOS менен төлөмдөрдү каалаган жерден кабыл алуу мүмкүн: соода түйүнүнөн, көчөдөн, таксиден ж.б.
- Терминалды иштетүү үчүн жогорку ылдамдыктагы интернет зарыл эмес. Айылдан да (2G) төлөмдөрдү жүргүзсө болот.
- mPOS кадимки POS-терминалдай эле коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет.
- Мобилдик терминалга компаниянын жеке кабинети тиркелген мобилдик колдонмо кошулат. Ал жерден бардык операцияларды жүргүзүп, төлөм шаблондорун, товардын каталогдорун түзүп, төлөмдөрдүн географиясын көзөмөлдөп, мобилдик колдонмо же веб-портал аркылуу кардарларга дүмүрчөк жиберсе болот.
- mPOS кардарларга акысыз берилет. Болгону банкка эсеп ачуу үчүн акы төлөнөт: юридикалык жактарга – 400 сом, жеке ишкерлерге – 100 сом.
mPOSту алуу жолдору:
- онлайнарыз берүү же банктын каалаган кеңсесине кайрылуу;
- соода эквайринги боюнча «Бай-Түшүм» банкыменен келишим түзүү;
- эсеп ачуу;
- mPOSту жабдылоо;
- терминал менен иштөө боюнча маалымат берүү.
«Бай-Түшүм» банкы Кыргызстанда mPOSту сунуштаган алгачкы жана жалгыз банк!
Бардык суроолор боюнча 24 саат иштеген чалуу борборуна кайрылсаңыз болот:
- +996 (312) 905 805
- +996 (770) 905 805